Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

"Ата Мекен коркунучта" кыймылы: Кыргызстанда мамлекеттүүлүк бар!


Бүгүн аталган саясий кыймыл маалымат жыйын өткөрүп, анда апрель окуяларынан кийин өлкөдө президент, парламент, Конституциялык сот жок болгону менен баары бир мамлекеттүүлүк бар экенин айтып чыкты. Мындай билдирүү менен кыймыл мүчөлөрү Өзбекстан, Орусия өңдүү бир катар мамлекеттердин массалык маалымат каражаттарындагы “Кыргызстан мамлекеттүүлүгүн жоготту” деген маалыматтарды четке кагууда. Алар өлкөдө утурумдук өкмөт иштеп атканын, акырындап саясий жагдай калыбына келе баштаганын, башка улуттун өкүлдөрү, өзгөчө орустарга карата кысым болбогонун айтты. “Орус улутундагыларга начар мамиле жасаган айрым топтор пайда болгону менен жалпы калк аларга мамилени өзгөрткөн жок”,- дейт кыймыл мүчөлөрү. (AiJu)

XS
SM
MD
LG