Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:46

АКШнын базасы боюнча чечим парламенттик шайлоодон кийин кабыл алынат


Бул тууралуу бүгүн Рейтер агенттигине Кыргызстандын утурумдук өкмөт башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев билдирген. Текебаев Рейтердин кабарчысы менен маегинде белгилегендей, “шайлоого чейин бул маселе талкууланары арсар, утурумдук бийлик мындай маанилүү маселени парламенттик шайлоодон кийин куралуучу өкмөт чечүүсү керек деп эсептейт”. Ал кошумчалагандай, азыркы бийликтин ичинде америкалык базага карата ар кандай пикир бар. АКШнын “Манас” аба бекетиндеги аскерий базасы былтыр 22- июнда түзүлгөн келишимге ылайык, маккамы өзгөртүлгөндөн бери транзиттик борбор деп аталат.

XS
SM
MD
LG