Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

Чүй: Кызылчанын маселеси эмне болот?


Чүйдөгү дыйкандар менен иш алып барган Лира Термечикованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, аймакта кызылча маселеси курч жагдайды жаратып жатат. “Чүйдөгү дыйкандардын көбү кызылча айдоо үчүн микрокредит алууга муктаж. Аймакта күйүүчү майдын маселеси чечилбей айдоо кечеңдөөдө”,- деп нааразыланган чүйлүк дыйкандар маалымат каражаттары аркылуу кайрылуу кылышууда. Ал эми облустагы агрардык өнүктүрүү жана жаратылышты коргоо бөлүмүнүн башчысы Ашым Осмонкуловдун маалыматына караганда аймакта кызылча айдоо кызуу жүрүп, учурда үч миң гектардан ашык аянтка себилди. Ошондой эле Кайыңды- Канттын жетекчилиги да келишимге ылайык, күздө кызылча кабыл алууга убада берген. Бирок дыйкандарды күйүүчү май менен камсыз кылуу маселеси дале чечилбей турат. (JJ)

XS
SM
MD
LG