Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Ч.Турусбеков: Чек араларда абал тынч


Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбековдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Кыргызстандын Өзбекстан жана Казакстан менен чек арасы бир тараптуу жабылган. Анын айтымында, мамлекеттик чек арада жалпысынан абал тынч.

“Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Кыргызстандын жарандары Өзбекстандын аймагында болсо өз мекенине өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Казакстан мамлекети менен да бир тараптуу чек ара жабылган. Бирок анын кайсы убакта ачылаары белгисиз, айтуу кыйын”, - дейт Ч.Турусбеков. Ал мындан сырткары учак, темир жол аркылуу Казакстандын аймагына өтүүгө мүмкүн экенин кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG