Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:40

“7-апрель” кыймылы М.Конгантиевдин жактоочуларын сабырдуулукка чакырды


“7-апрель” кыймылы мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин тарапкерлеринин Ош-Бишкек жолун тосушун айыптаган билдирүү таратты. “Биз 7-апрелдеги окуяга М.Конгантиев күнөөлүү деген жерибиз жок. Ал ушундай жагымсыз окуялардын орун алуусуна жол берген Бакиевдик системанын учурунда жогорку кызматты ээлеп отурган. Ошондуктан анын бул окуялар боюнча кабары бар, маалыматы жетиштүү. Ошондуктан анын Улуттук коопсуздук кызматынын абагында камалып тургандыгынан чоң трагедия чыгаруунун эч кандай зарылдыгы жок”, - деп жазылат билдирүүдө. Ошондой эле кыймыл мүчөлөрү мурдагы министрдин тарапкерлерин сабырдуу, адилеттүү, калыс болууга үндөгөн. Ал эми Убактылуу өкмөттөн ыгы жок шоуларды өткөрүп жаткандарга катуу чара көрүүнү өтүнгөн. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG