Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

АКШда калкыган мунай жээкке жетип калды


Кара майдын агып келишинен улам жээги эң көп булганат деп күтүлгөн Луизиана штатынын бийликтери өзгөчө абал жарыялап, тазалоо иштерине Улуттук гвардиянын 6 миң жоокери тартылуусун өтүндү. Президент Барак Обама мунай агындысынын экологияга тийүүчү кесепеттерин жоюу үчүн колдо бар мүмкүнчүлүктүн баары колдонуларына ишендирди:

-Менин администрация бул инцидентке карата чара көрүү үчүн колдо бар ар бир ресурсту, анын ичинде Коргоо министрлигинин потенциалын да колдонууну улантат.

Ири көлөмдөгү мунай деңиз бетине Мексика булуңунда кара май бургулоочу платформада орун алган жарылуудан кийин чыгып жатат. Андан улам Луизиана гана эмес, Миссиссипи , Алабама, Флорида штаттарынын жээктерине, балык чарбаларга олуттуу зыян тиет деген кооптонуу бар. Аварияга учурган платформа “Бритиш Петролиум” компаниясына таандык болчу. АКШ президенти белгилегендей, жээкти тазалоо иштерине кетүүчү чыгымды аталган компания көтөрөт.

XS
SM
MD
LG