Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:18

Анвар Алиевди өлтүрдү делген үч милиция кызматкери акталды


Жогорку Соттун бүгүнкү коллегиясында милициянын полковниги Анвар Алиевди өлтүрдү делип камалган Ош облустук ички иштер башкармалынын үч кызматкери акталды. Алар Алмазбек Эргешбаев, Кахрамон Исмаилов жана Манап Тажибаев. Бул маалыматты Жогорку Соттун атын атагысы келбеген кызматкери "Азаттыкка" тастыктады. Маалыматка ылайык, ушул кылмыш ишке байланыштуу Свердлов райондук, Бишкек шаардык соттордун өкүмдөрү ачылган кылмыш ишке байланыштуу далилдердин жоктугунан жокко чыгарылды. А.Алиевдин өлүмүнө байланыштуу дагы бир милиция кызматкери Шавкат Жунусовдун адвокаты аны да актоону өтүнүп Башкы прокуратурага кайрыла турганын билдирген. Ш.Жунусовго 25 жылга камоо өкүмү чыккан болчу. Бүгүн Жогорку соттун алдына 150-200дөй адам барып, камалган милиция кызматкерлеринин күнөөсү жок экенин, алардын акталышын талап кылып пикетке чыгышкан.Жогорку соттун кызматкеринин айтымында, алар талаптар аткарылбаса соттун имаратын талкалайбыз дешкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG