Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

АКШ жана Пакистан Нью-Йорктогу жардыруу аракети боюнча тергөөнү тездетүүдө


АКШнын прокурорлору жардыруу жасоого аракеттенгени үчүн шектелген Файсал Шехзадга айып коюшту. 30 жаштагы Шехзад АКШнын теги боюнча пакистан жараны. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, ал Пакистандын ооган чек арасынан анча алыс эмес Вазирстан чөлкөмүндө бомба жасоо боюнча машыгуудан өтүп келгенин моюнга алган. Бул факты жардыруу аракетине “ал-Каида” же Талибандын катышы болушу ыктымал экенин ишара кылууда. Камактагы шектүү адамдын четтеги террордук топторго тиешеси бар жогу учурда иликтенип жатат.

Нью-Йорктогу жардыруу аракетине байланыштуу Пакистанда да бир нече адам кармалганын бул өлкөнүн бийликтери кабарлашты. Дүрмөттөлгөн автоунаа Нью-Йорктун борбордук Таймс-сквер аянтынан ишемби күнү кечинде табылып, зыянсыздандырылган. Нью-Йорк – Дубай каттамындагы учакка отурган жеринен камакка алынган Файсал Шехзад мына ошол автоунааны аянтка айдап келгендиги жол боюндагы камераларга тартылып калган. Маалыматтарга караганда, ал Пакистандын Кашмир чөлкөмүндө төрөлгөн. Пакистандын аба күчтөрүнүн отставкадагы офицеринин баласы. АКШга көчүп келгенден кийин Коннектикут штаттында жашап жүргөн Файсал Шехзад дүйшөмбү күнү камалгандан соң анын ысымы мурда учакка түшүрүлбөй турган адамдардын тизмесине кыска мөөнөткө киргизилгени да анык болду.

XS
SM
MD
LG