Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Нигерияда бүгүн президентти акыркы сапарга узатышат


Элүү сегиз жаштагы Умару Яр –Ардуа кечээ кечинде борбор Абуджадагы өз үйүндө дүйнөдөн өткөн. Ал бүгүн акыркы сапарга узартылгандан кийин өлкөдө жети күнгө аза күтүү күнү жарыяланган жатат. Президенттин өлүмүнүн себептери тууралуу азырынча айтыла элек. Белгилүүсү ал узактан бери жүрөк дартына байланыштуу Сауд Аравияда дарыланып жаткан. Былтыр февралдан бери мамлекет башчысынын милдетин вице- президент Гудлак Жонатан аткарып келет. Ал бүгүн эле президент катары ант берери күтүлүүдө, Нигерия Африканын мунайга бай, ошол эле учурда коррупцияланышкан жана калкы көп өлкөсү.

XS
SM
MD
LG