Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Израил Палсетина менен арачысыз сүйлөшүүгө даяр


Палестин-Израил арасында түз эмес тынчтык сүйлөшүүлөрү башталды. Палестин өкмөтүнүн мартабалуу өкүлү Саеб Эракат мындай билдирүүнү Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чабарманы Жорж Митчель менен жекшемби күнү Рамаллада кездешкен соң жасады.

Бүгүн эртелеп Израил өкмөт башчысы Бенямин Нетаняху палестин жетекчилигин АКШлык арачысыз эле түз сүйлөшүүгө чакырган.

Ишемби күнү Палестин боштондук кыймылы Израил менен ортомчулар аркылуу сүйлөшүү жөнүндө чечим кабыл алып, бир жарым жылдан бери токтоп турган байланышты улантууга жол ачкан.

XS
SM
MD
LG