Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Нью-Йорктогу террор аракетин пакистан талиптери уюштурган


АКШнын юстиция министри Эрик Холдер тергөөнүн маалыматтарына таянып, ушундай деп ырастады. Өткөн аптада бул окуя үчүн Файсал Шахзадга айып коюлган, ал теги жагынан пакистандык, АКШ жараны. Шахзад күнөөсүн моюнга алган. "Бул ишти пакистандык талиптер уюштурду. Алар Шахзадга жардамдашып, бул жакка жөнөтүшкөнүн биз билебиз",-деп айтты министр. Холдер террорчуну финансылаганга да Пакистандагы "Талибан" катышканы жакын аралыкта тастыкталарына ишендирди.

XS
SM
MD
LG