Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

Укук коргоочулар саясий себептен камалгандардын абалын иликтейт


Бул кабарды “Азаттыкка” “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, иликтөөчү комиссия мүчөлөрү 7-апрелден кийин саясий себептен камакка алынгандардын абалын иликтеп, коомчулукка жыйынтыгын чыгарат. Бүгүнкү күндө Улуттук коопсуздук кызматынын абагында отурган мурдагы бийлик төбөлдөрүнүн абалы, алардын арасында мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, Президенттик Катчылыктын мурдагы жетекчиси Оксана Малеванаянын абалы да иликтенип жатат. “Биз иликтөө ишинде башка министрликтер менен да кызматташып жатабыз. Биз мыйзамдуулукту жана акыйкаттыкты колдойбуз”, - деди Т.Исмаилова. (КЕ)

XS
SM
MD
LG