Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Токтогулда сууга аккан адам изделүүдө


Токтогул шаарчасындагы куткаруучулар тобу Жалал-Абад облусундагы Бала-Чычкан дарыясына 9-майда агып кеткен 33 жаштагы адамды издөө иштерин 11-майда да улантышты. Кечээ издөөдөн натыйжа чыккан эмес. Бул тууралуу 11-майда Өзгөчө кырдаал министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Катуу жааган жамгырдан кийин жүргөн сел айыл чарбасына зыян тийгизүүдө. Сел Аксы районунун Кызыл-Жар өрөөнүндө 34 гектар жашылча-жемиш талаасын жууп кеткен. Райондогу Кезарт кыштагынын 4 чакырымдык ички чарбалык жолун тазалоого техника жетишсиз. Маалымат кызматынын башкы адиси А. Бекилов ал жакка техника 13-майда жиберилерин билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG