Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

Беларус Башкы прокуратурасынан расмий жооп келе элек


6-майда өлкөнүн Башкы прокуратурасы Беларустардын Башкы прокуратурасына К.Бакиевди Кыргызстанга берүү тууралуу өтүнүч кат жолдогонун Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, беларус тарабынан расмий жооп азырынча келбегендигинен улам бул маселе боюнча бир жактуу айтууга эрте.

Ал ошондой эле Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевдин Латвиянын аймагына киргендиги тууралуу Интерполдун улуттук бюросу расмий маалымат жибергенин белгиледи. “Ошол маалыматка таянып Башкы прокуратура кыргыз-латвия ортосундагы укуктук жактан келишимге ылайык “Максим Бакиевди кармоого жардам көрсөтүүңүздөрдү суранабыз”,- деген негизде Латвиянын Башкы прокуратурасына кат жолдогон”,-деди У.Дыйканбаев.

Беларусиянын укук коргоо органдары болсо Курманбек Бакиевди кармоо боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдарынан расмий кайрылуу болбогонун билдирсе, Латвиянын баш прокуратурасынын өкүлү Андрейс Васкс эл аралык маалымат каражаттарына аларда Максим Бакиев Латвияда экени тууралуу маалымат жок экенин жана кыргыз тараптын кайрылуусу “түшүнүксүз жана карама-каршылыктуу” жазылганын белгилеген. (AJ)

XS
SM
MD
LG