Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:25

А. Атамбаев: Мурдагы бийликтин жасакерлери кылтыйып чыга баштады...


Өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал, конституциялык өзгөртүүлөр, жаңы бийликтин кадр саясаты боюнча суроолорго Убактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев жооп берди.


(Маек 11-майдын кечинде алынган.)


- Алмазбек мырза, 7-апрелде Ак үйдүн чатырынан ок аткан снайперлер кармалды деген маалыматтар чыгып атат, ушул чынбы?


-Туура, жети снайпер кармалды. Ак үйдүн чатырынан биздин жигттерди аткан снайперлер кармалды. Кандайча кармалганын, кантип далилденгенин айтпай турайын азырынча. Анткени тергөө жүрүп жатат. Дагы бир топ күнөөлүү адамдар кармалат деген ишеничтер бар. Анткени күнөөлүү делген бир дагы адамды жоопсуз калтырбайбыз. Керек болсо Курманбек Бакиевдин өзүн алып келип, соттойбуз деген ниетибиз бар.

- Алмазбек мырза, казак-кыргыз чек арасы ушул күндөрү ачылат деген маалымат болду эле. Бирок ачылбай жатканын кандайча түшүнсө болот?

- Мен казак бир туугандарыбыздын ушундай мамилесине таң калып атам. Эсимде бар, эне-атам айтып калчу: “1933-жылы казактарда ачарчылык болгондо канча казак Кыргызстанга ооп келип, өмүрлөрү сакталып калды эле”, - деп. Азыр биздин кошуна өлкөнүн жанагы айтып жаткан шылтоолорунун бардыгы калп. Эч кандай проблема жок. Жөндөн жөн эле жолду тосуп салышты. Тажиктер чек араны ачып койду, Кытай дагы жол ачышты. Ал эми казак бир туугандарыбыз эмне үчүн чек араны тосуп салышты билбейм. Бакиевди алып чыгып кетээрде самолету да табылат, аны алып кеткендерге кеткендерге орден да берет. Ал эми чек арага келгенде мындай мамиле жасаганы мени абдан кейитип турат. Бул бир туугандык мамиле эмес да... Кантсе да сүйлөшүп жатабыз.

- Кыргызстанды стабилдештирүү боюнча учурдагы абалды кандай баалап жатасыз?

- Биз комиссия түздүк, абалды жакшыртуу боюнча. Шаардын жака белиндеги жер басып алууларды ордуна койдук. Бейбаштыкка чыккандардын сексендейи камалды. Басып алган жерлер кайрадан айдап, себилди. Күчкө салып, талап-тоноочулукка барам дегендерди эми аябайбыз. Эскертип жатабыз.

-17-18-майда дагы кандайдыр бир кооптуу бир жагдай түзүлүшү мүмкүн деген сөздөр болуп жатат да, сиздин кабарыңыз барбы?

-Бакиевдин доорунда “таракандай” жашыруун жүргөн генералдарыбыз бар болчу. Анда көлөкөсүнөн коркуп, тим эле Жаныш Бакиевди көкөлөтүп жүргөн Кулов бүгүн чыгып жатпайбы. “Мына жыйырма миң киши топтоймун, керек болсо сындырам” деп. 17-майда бир балээ кылып, бийликти алам дегендер ушулар. Алып көрсүнчү!? Эл деген бар...

- Убактылуу өкмөт кадр тандоодо мурдагы бийликтен эмнеси менен айырмаланууда?

- Ошол эле Чүй облусу боюнча кадр маселеси көтөрүлдү, ар бир акими СДПдан барып отуруп алды деп. Мен Роза Исаковнага тизме киргиздим, Чүй боюнча бир дагы аким биздин партиядан жок. Анткени чогултуп туруп айттым, “бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деп. Таарынганы болду. Албетте орундарды бошотуп бергендер болду. Кээ бир министрлик орунга барып отуруп алгандар болду. Министр болуш үчүн жок дегенде... эми көпчүлүгү чийки да. Мындай менталитет менен күрөшүш керек.

- Алмазбек Атамбаев кадр маселесинде тууганчылыкка кандай мамиле жасап жатат?

-Кыргыздын бир жакшы сөзү бар, “ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” дегендей менин жанымда туугандарым эмес, ишти билгендер жүргөнүн жакшы көрөм.

- Бул күндөрү 7-апрелдеги кандуу окуянын кырк күндүгү белгиленип жатат, айтар сөзүнүз бардыр?..

- Албетте. Биз эч качан бул балдардын эрдигин унутпайбыз. Керек болсо мен ушул балдарга өзүмдүн өмүрүм менен карызмын.

- Сиз убактылуу өкмөттүн экономикасын тейлеп жатасыз, салык төлөмдөрү, кредиттик маселе кандай болууда?

- Күч органдарынын айлык акысын көтөрдүк, тарифтерди ордуна келтирдик. Дыйкандарга 12 пайыз менен кредит бере турган болдук. 12 пайыз дегенди 20 жылдан бери эки өкмөт жасай албай жатты эле. Биз жыйырма күндө жасадык деп айтсам болот.

- Учурда баш мыйзамдын жаңы долбоору талкууланып жатат. Сизге президенттик башкарууну колдойсузбу, же парламенттик башкаруунубу?

- Ачык айтайын. Элин ойлогон, Кудайдан корккон адам эл башына келсе жакшы болот эле. Бирок системаны өзгөртүш керек экен да. Азырынча Өмүрбек Текебаев баш мыйзам боюнча жакшы иштеп жатат. Бирок парламенттик башкаруунун ордуна президенттик башкарууга бараткандай болуп атат да. Мен албетте нааразымын. Мен айткамын, эгерде парламенттик башкарууга багытталган баш мыйзам болсо боло берсин дегем. Эгерде президенттик башкаруунун баш мыйзамы болсо, анда макул болуп эле карап турбайбыз...

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG