Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Апрель окуяларында буттарынан ажыраган милицияга ИИМ унаа берди


7-апрелде Ак үйдөгү кандуу окуяда майып болуп калган милиция кызматкери Алмазбек Акчекеевге Ички иштер министрилиги “Жигули” маркасындагы унаа тапшырды. 31 жаштагы А. Акчекеев жарылган гранатанын айынан эки бутунан ажырап калган. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү Кошмо Штаттардын майып милицияга жасалма бут (протез) салып берүү үчүн каражат жөнөткөнү жатышканы тууралуу кат келгенин билдирди. Апрель окуяларында эки милиция кызматкери каза таап, дагы жүздөгөн тартип коргоо кызматкерлери жараат алган. Убактылуу өкмөт каза тапкан милиция кызматкерлеринин жакындарына, жарадар болгондорго жардам көрсөтүлөөрүн убада кылган. (EBM)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG