Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Казак президенти улут көсөмүнө айланууда


Бул үчүн өлкө Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун бүгүн казак парламентинин жогорку палатасы – Сенат бекитти. Кечээ аны төмөнкү палата –мажлис жактырган. Улут көсөмү деген маккам Назарбаевге өмүр боюу кол тийбестик укугун тартуулайт. Ошондой эле кокус ал мамлекет башчылыгынан кеткен учурда да өлкөнүн кийинки президенттери аны менен ички жана тышкы саясаттын маселелерин макулдашып турууга милдеттендирилет. Мыйзам эми президент Нурсултан Назарбаевдин өзү кол койгондон кийин күчүнө кирет. Казакстандын оппозициядагы “Азат” партиясы бүгүн Назарбаевге жолдогон ачык катында аны мыйзамга вето салууга чакырды. Оппозициядагы партиянын пикиринде, Назарбаевге улут көсөмү маккамын ыйгаруу боюнча чечимди жалгыз партиядан турган парламент эмес, эл гана кабыл ала алат.

XS
SM
MD
LG