Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Н. Түлеев: Мындай бийликтин бизге кереги жок


Нариман Түлеев, 17-июль 2009-жыл.
Нариман Түлеев, 17-июль 2009-жыл.

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев 12-майда Бишкекте болгон митинг акцияларды уюштурууга тиешеси бар экенин ырастаган жок. Бирок ал ошол эле учурда убактылуу өкмөттү укуктук талаага түшө албай, бийлик бөлүштүрүү менен гана алек болуп жатат деп сынга алды.

- Кечээ өзүңүз уккандай Жогорку Кеңештин алдында митинг болбодубу Убактылуу өкмөткө каршы. Ошону сиз уюштурду, түздөн-түз тиешеси бар деп айтып атышат. Ушул канчалык деңгээлде чын?

- Биринчиден, мен эч нерсе уюштурган жокмун. Карасынын баарын эле мага бура береби булар. Ал жерде эл өзүнүн талабы менен чыгып атат да. Кырк күн өттү эмне кылды, жакшы жумуш кылдыбы, кылган жокпу. Укуктук талаага киргиле деген талап бул туура эмеспи? Мен ойлойм, бул туура талап.

- Роза Отунбаева бүгүн билдирди да, Нариман Түлөев Убактылуу өкмөт менен кызматташса болмок, өзү кызматташуудан баш тартып атат деген таризде?

- Мен биринчи күнү эле сегизинде-тогузунда тополоң болуп атканда Алмаз Атамбаевдин жардамчысына, бул тополоңду ким жасап атканын (2005-жылдагы окуялардан улам басып алуучулардын ээлерин фамилияларына чейин билем) таң атканга чейин ушул ишти башкарып бердим, муну кармагыла, муну кармагыла деп.

Мен 8-9-апрелде буларга керек болдум да, анан кийин булар менин үйүмө, туугандарыма кол салышты. Кечээги эле А.Атамбаевдин сүйлөп аткан сөзүн угуп атасыңар, Түлеевдин үй-бүлөсү менен өзүн кошо өрттөйбүз, жоготобуз, Бишкектеги байлардын үйлөрүн өрттөйбүз деп.

Мына 40 күндөн бери Бишкек шаары эмес, Кыргызстан бүгүн тынчтык табалбай атат. Эл нормалдуу отура албай атат, тополоң эле кылып атышат, бизнеске кол салып атышат. 40 күндөн бери бизнес иштеген жок, кайдан салык болот. Түнүчүндө кызылдары келип тоношсо, караңгыда келип каралары тоношсо, бул эмне деген турмуш, бул эмне деген мамлекетке алып келатышат булар. Мен калыстыгын айтып атам.

- Азыр Кыргызстанда үчүнчү жолу төңкөрүш болуп кетиши мүмкүн деген сөздөр айтылып атат. Буга сиз кандай карайсыз, Буга негиз болуп турабы?

- Буга негиз барбы, аны мен билбейм. Бирок бүгүн мына 40 күндөн ашты, мен 3-4 жолу кайрылдым, ай элди ойлосоңор боло, кош айдоо болуп атат, кош айдоону ойлосоңор боло, портфелди кийин бөлүп аласыңар десем, аны да укпай койду. Орустар менен башка өлкөнүн азаматтары мамлекетке ишенбей кетип атат.

Мурункуга караганда азыркы миграцияны карасаңар 5-6 эсеге өстү. Мына ушуну, мамлекетти сактап калууну ойлош керек. Булар портфель, акча, дүйнө кубалап, нотариусту жанына салып алышып көрүнгөн ишкерлерге барып, оюндагысын жасап, ушуну менен гана алектенип атышат. Ушул бийликпи? Бийлик мындай кылбайт. Бийлик башкача кылат. Мындай бийликтин кереги жок бизге.

- Нариман мырза, мындан аркы иш-аракеттериңиз кандай болот, кандай пландарыңыз бар?

- Мен кандай болсо дагы шаарым, элим ушунча туруп бергенден кийин мен шаарымды, элимби сатпайм. Аягына чейин эл менен болом.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG