Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Бразилия президенти дипломатиялык миссия менен Иранга келди


Луиз Инасио Лула да Силва Тегерандагы сүйлөшүүлөр учурунда Ирандын бийликтерин өзөктүк отунду алмашууну караган келишимге көндүрүү аракетин жасайт. Батыш өлкөлөрүнүн Ирандын өзөктүк программасы боюнча тынчыздануусун басууну караган бул келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк отунга жарагыдай деңгээлде байытылган уранга алмашуу үчүн өзүнүн аз байытылган уранын четке жиберүүсү керек. Иран андай алмашуу өлкөнүн ичинде жүргүзүлүүсүн талап кылгандыктан келишим былтыр октябрда үзгүлтүккө учураган. Ирандын тышкы иштер министрлиги кечээ азыр макулдашууга жетүүгө көмөктөшкөн шарт –жагдай бар экенин белгиледи.

Орус президенти Дмитрий Медведев бразилиялык кесиптеши Луис Инасио Лула да Силванын Иранды ынандыруу мүмкүнчүлүгүн 30% деп баалады. Ал эми АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Тегеран Улуттар уюму санкциялардын төртүнчү айлампасын кабыл алганга чейин өзөктүк программасы боюнча айтылып жаткан тынчызданууларга олуттуу мамиле кыларынан шек санарын айтты.

XS
SM
MD
LG