Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

“Акыйкат” партиясынын төрагасы А. Жекшенкулов билдирүү таратты


Анда өлкөдөгү ички саясий кырдаалды жөнгө салууда алгачкы кадам жана башат катары “Жалпы улуттук ынтымак программасы” болору, ага алдыңкы саясий партиялар, коомдук уюмдар, профсоюз уюмдары жана улуттук уюшмалар кол коюшары айтылат.

“Жалпы улуттук ынтымак программасында” Кыргызстандын саясий түзүмүнүн бардык субьекттери тарабынан узак мөөнөттөгү келечекке карай өнүгүшүнүн түрү катары демократиянын таанылышы, аз сандагы оппозициянын укуктарын сактоо, өлкө келечегине тике таасир кылуучу саясий чечимдерди жалпы улуттук форумдарда кабыл алуу, улуттар жана диндер ортосунда көп улуттардын таламдарына жана алардын маданияттарынын ынтымак-ырашкерлигине негизделген биримдикти чыңдоо маселеси каралган.

Ошондой эле Жалпы улуттук көп кырдуулук тутунмалары Кыргызстандын өнүгүшүнүн саясий, социалдык жана улуттар аралык чөйрөсүндө басымдулук кылууга тийиш экендиги белгиленген. (AJ)

XS
SM
MD
LG