Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

АКШ элчилиги апрел ыңкылабында каза болгондорго көңүл айтты


Бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 7-апрел ыңкылабында каза болгондордун кырк күндүгүнө карата көңүл айткан кайрылуу жолдоду. Анда апрел трагедиясында каза болгондордун бир туугандарына, жакындарына, кыргыз коомчулугуна көңүл айтып, кыргызстандыктарды демократиялык бейкут өнүгүүгө чакырды.

АКШ элчилигинин кайрылуусунда бул бурулуш Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө чоң жол ачары, америка өкмөтү бул күндөрү Кыргызстанга бардык тараптан жардам берип, колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги белгиленген. Ошондой эле кыргыздын баатырлары бекем демократия үчүн өз өмүрлөрүн арнаганы айтылып, бардык тараптарды апрел ыңкылабында каза болгондорду эскерүүгө үндөдү.
Учурда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Т.Гфэллэр Бишкектин борбордук аянтына Ак үйдүн алдында окко учкандарга гүл коюуга баратканы кабарланууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG