Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

АКШнын элчиси Т.Гфэллэр мөөнөтү бүткөндө кетет


АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш кызматынын билдиргенине караганда, элчи Татяна Гфэллэр өз мөөнөтүнөн мурда Кыргызстандан кетет деген маалымат чындыкка коошпойт. Ал 2011-жылы жайында мөөнөтү бүткөнгө чейин Кыргызстанда өз милдетин аткара берет.

EurasiaNet.org агенттиги Стив Левайндын “Американын элчиси мөөнөтүнөн мурда алмаштырылат: Орусия менен АКШнын сабактары” деген аталыштагы макаласын басып, анда Кыргызстандагы АКШнын элчиси Татяна Гфэллэр мөөнөтүнөн мурда өлкөсүнө чакыртып алынарын, ага Кыргызстандын аймагындагы АКШнын базасы үчүн убагында мурдагы оппозициянын, азыркы бийликтин мүчөлөрү менен байланыш түзбөгөнү себеп болгонун айткан. (AJ)

XS
SM
MD
LG