Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

А.Бекназаров: Бакиевчилердин бийликти басып алуу ою ишке ашпай калды


Бул тууралуу Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Азимбек Бекназаровдун бүгүн маалымат жыйынында тараткан кайрылууда айтылат. Анда 13-14-майда бакиевчилерди жактаган Үсөн Сыдыков, Нариман Түлеев, Искак Масалиев жана “Ак жол” саясий партиясынын айрым мүчөлөрү Бакивдерди кайра кайтарууга жана бийликти тартып алууга аракет кылышканы, алар маалыматы аз элди сатып алуу аракети менен түштүк аймагындагы облус акимчиликтерин басып алууга аракет кылганы, анын натыйжасында Жалал-Абад шаарында 2 адам октон каза болуп, отуздан ашууну жаракат алганы белгиленген.

А.Бекназаров ошондой эле өз кайрылуусунда элди ар кандай козутууларга алдырбоого, жарыбаган акчага өз абийирин сатпоого, өлкөнүн татыктуу жараны болууга үндөгөн.

Буга чейин Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиев эч кандай бийликти басып алуу ниети жоктугун, ага саясий айып тагылып жатканын билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG