Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Tүштүк Осетиянын жетекчиси жумурияттын аймагын кеңейтүүнү талкуулады


Грузиядан өз алдынчалык жарыялаган жумурияттын президенти Эдуард Кокойты 18-майда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлү менен аймактын чек арасын талкуулады. Кокойты ФККнын бул жумурияттагы директору Александр Мурзин менен жолуккандан кийин, Түштүк Осетия азыр Грузияга караган Казбеги ооданындагы Трусо капчыгайын өзүнө кошуп алууга аракеттениши мүмкүн деди. Бирок Түштүк Осетиянын билдирүүсүндө Грузияга караган эч кандай аймакты кошуп алуу тууралуу айтылган жок. Грузиянын оппозициядагы Элдик Майданынын жетекчиси Нодар Натадзе бул маселени көтөрүү "Орусиянын Грузияга каршы кастык саясатынын көрүнүшү" деп баалады.

XS
SM
MD
LG