Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Ооганстанда 16 киши, анын ичинде НАТОнун үч аскери набыт болду


Кабулдан түштүктөгү Пактия дубанында америкалык аскерлер эки козголоңчу бомба жайгаштырып жатканын көрүп калышкан. Дубан башчысы Гулаб Шахтын айтымында, экөө атып өлтүрүлгөн. Америкалыктар алардын өлүгүн башкалар алып кетип жатканын көрүп, согуштук тикучманы чакырышкан. Тикучманын аткылоосунда дагы 10 киши набыт кеткен. Шахтын айтымында, ооган бийликтери курмандыктардын бардыгы чынында да козголоңчулар болгондугун иликтеп баштады. Анын аралыгында, НАТО Түштүк Ооганстандагы козголоңчулардын эки бөлөк чабуулунда үч аскери жана бир жергиликтүү адам окко учканын маалымдады. Бүгүн Кабулга Британиянын тышкы иштер катчысы Уиллиам Хаг дагы эки министр менен келди. Алар президент Карзай жана башка жетекчилер менен жолугуп жатышат.

XS
SM
MD
LG