Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Бишкекте курал-жарак, ок-дарыларды тапшырышууда


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, кечээ Бишкектин үч жараны 7-апрелден кийин колдоруна тийип калган курал-жарак, ок-дарыларды өткөрүп беришти. Алар милиция кызматкерлерине “Сайга-410К” маркасындагы эки мылтык, МР-133 маркасындагы дагы эки атуучу курал, “Байкал” маркасындагы төрт газ менен атылчу тапанча, “Калашников” замбирегинин 16 огун, “Калашников” автоматынын 20 огун, бир кулак тундуруучу граната жана “Макаров” тапанчасынын окторун тапшырышкан.

Эскерте кетсек, Ички иштер министрлиги өз эрки менен курал-жарактарды өткөрүп берген жарандар кылмыш жообуна тартылбасын айтышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG