Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Урмат Барыктабасов Кыргызстанга келген жок


Анын тарапкерлеринин айтымында, кечээ түшкө маал ал түшкөн учак “Манас” эл аралык аба майданына келип конмок. Бирок аэропорт жетекчилиги анын учагына конууга уруксат бербегендиктен, соңку 5 жылда Дубай шаарында жашаган, саясий качкын, “Мекен Туу” партиясынын лидери У.Барыктабасов Бишкекке көздөй сапарын токтотууга аргасыз болгон.

Ал эми “Манас” аэропортунун жетекчилиги кандай гана жеке же чартердик учак болбосун эки күн мурда аба майданына келип конууга расмий уруксат алышы керектигин Улуттук 1-каналга билдирген. Алардын айтымында, У.Барыктабасов аттуу жүргүнчүдөн мындай кайрылуу болгон эмес. Ошол эле учурда У.Барыктасовдун тарапкерлери, мындай уруксат кагазы 1 күн мурда эле факс аркылуу “Манас” аэропортунун жетекчилигине берилип, ага позитивдүү жооп алынгандыгын айтышууда. Алардын айтымында, У.Барыктабасов Кыргызстанга биротоло көчүп келмек. (GA)

XS
SM
MD
LG