Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

Орусияда Славян жазмасынынын жана маданияттынын күнү белгиленди


24-майда болгон бул майрамдык иш-чара диниятчылар катышкан жүрүштөр жана диний зыяпаттар менен коштолду. Бул күндүн пайда болушунун тарыхы X- XI кылымдарда байыркы славян арибин негиздеген агартуучу бир туугандар Кирилл жана Мефодийдин дүйнөдөн өткөндүгүн эскерүү зыйнаты катары башталган.

Славян арибинин негиздөөчүлөрү жана алгачкы агартуучулар катары тарыхта калышкан бир туугандардын жаркын элесин эскерүү күнү славян элдеринде салттуу майрам катары белгиленип турган. Бирок ар түрдүү саясий жана тарыхый себептерден улам, кээ бир учурларда славян маданияттынын жана жазуусунун күнүн белгилөөгө тыюу салган учурлар да болгон.

Бул күндү белгилөө СССРде 1986-жылы калыбына келтирилген. Ал эми постсоветтик Россияда 1993-жылдан тарта майрамдалып жүрөт. Орус падышачылыгында бул күн 1863-жылы белгилене баштаган. Андан туура миң жыл мурда 863-жылы Мефодий жана Кирилл өздөрү түзгөн тамгаларды пайдаланып, грекчеден болгар тилине которулган “Тооратты”(Библия) чыгарышкан.

Тарыхый булактарга караганда азыркы славян арибинин негиздөөчүлөрү Кирилл (827-869) жана Мефодий (815-885) Византиянын Салоники шаарында (азыркы Болгариянын аймагы) дүйнөгө келишкен. Бир тууган Кирилл менен Мефодийдин христианчылыктын кенири жайылышына жана бутпарастыкты жөнгө салууда да орду чоң болгон.

Ошол эле учурда православ чиркөөсүнүн айрым жөрөлгөлөрүнө каршы чыгышканы үчүн куугунтукка да кабылышкан. Мына ошондуктан алар өмүрлөрүн акыркы жылдарында көпчүлүктөн жашырынышып, кечилканада өткөрүшкөн. Кирилл менен Мефодий дүйнөдөн өткөндөн кийин да алардын душмандары бир туугандар колдонууга киргизген славян арибин колдонууга бир канча мезгил бою тыюу салууга жетишишкен.

Совет өкмөтү тушунда кириллицаны украин: орус: белорус элдеринен сырткары мусулман калктуу жана түрк тилдүү Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан,Түркмөнстан жана Азербайжанда колдонууга киргизишкен. Бирок орустарга диндеш Грузия менен Армения мурдакыдай эле өз ариптерин колдоно беришкен. 1990-жылдардын башында СССР кыйрагандан кийин Өзбекстан, Түркмөнстан жана Азербайжан 1920-жылдардын экинчи жарымынан 1944-жылга чейинкидей кайрадан латын арибине өтүшкөн.

XS
SM
MD
LG