Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:52

Н.Бордюжа менен А.Атамбаев телефон аркылуу сүйлөштү


ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжанын демилгеси менен Убактылуу өкмөт башчысынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев кечээ телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда эки тараптуу сүйлөшүүдө ЖККУга мүчө мамлекеттер менен кызматташтыкты арттыруу, сырткы коркунучтардан коргонууну камсыз кылуу маселеси талкууланган. Николай Бордюжа апрель окуясынан кийин Кыргызстандагы кырдаалды турукташтырууга, террорчулукка каршы күрөшүүдө ЖККУ колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгилеген. (AJ)

XS
SM
MD
LG