Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

К. Дүйшөбаев: Телефон чуусун кырдаалды курчуткусу келгендер чыгарууда


Бул тууралуу бүгүн Коопсуздук боюнча Улуттук Комитеттин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, телефондук жеке сүйлөшүүлөрдү коомчулукка таратууга коопсуздук кызматынын тиешеси жок. Муну Убактылуу өкмөттү бөлүп-жарууну каалагандар жасап, өкмөт мүчөлөрүн бири-бирине тукуруп атышат. “Бул - мезгилдин оорусу. Убактылуу өкмөт коллегиалдуу чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү орган катары иштеп жатат” деди Кеңешбек Дүйшөбаев.

Өткөн аптадан бери өкмөт мүчөлөрүнүн ортосундагы телефондук сүйлөшүүлөрдүн үч тасмасы коомчулукка жарыяланды. Тасмалардын мазмундарына карата өкмөт мүчөлөрү ар түрдүү пикирлерин айтып жатышат. Алардын бири Алмаз Атамбаев, маселен, Азимбек Бекназаровду кескин айыптап чыкты. Бекназаров өз жообун 27-майда өтүүчү маалымат жыйынында айтууну убада кылууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG