Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Саясий куугунтукту токтотуу талабы менен митинг өтүүдө


Биринчи май райондук сотунун алдына 100дөй адам митингге чыгып, саясий негизде куугунтуктоону токтотуу талабын коюшууда. Митингге чыккандар мурдагы президент Курманбек Бакиев учурунда саясий негизде камалгандардын баары боштулуп, бир гана мындан беш жыл мурда Барыктабасовго издөө салуу жана аны камоо боюнча токтом калгандыгын айтып жатышат. Алар “Мекен Туу” партиясынын лидерине Кыргызстанга кирүүгө мүмкүндүк берилишин талап кылышууда.

“Мекен Туу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасовго байланыштуу иш бүгүн Биринчи май райондук сотунда каралууда. Сотто Урмат Барыктабасовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызы каралууда. (EK)

XS
SM
MD
LG