Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:01

Дунья Миятович: “Борбор Азияда сөз эркиндиги кысымга алынууда”


"Азаттыктын" кабарчысы ЕККУ өкүлү Д. Миятовичти сөзгө тартууда. Дүйшөмбү шаары, 26-май.
"Азаттыктын" кабарчысы ЕККУ өкүлү Д. Миятовичти сөзгө тартууда. Дүйшөмбү шаары, 26-май.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович соңку убакта Борбор Азияда сөз эркиндиги коркунучка кабылып, журналисттерге карата кысым күчөгөнүн айтат.

Ал ушундан улам бул аймактын өкмөттөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлө турганын “Азаттыкка” курган маегинде айтты.

- Дүйшөмбүдөгү аймактык конференциядан кийин Борбор Азиядагы сөз эркиндигин кандайча баалар элеңиз?


- Адегенде белгилеп отсөм, алга карай чоң кадамдар жасалууда. Бирок ошол эле учурда артка кетенчиктөөлөр да байкалууда. Борбор Азиядагы массалык маалымат каражаттарынын эки күнгө созулган конференциясынын жүрүшүндө мага көп жагдайлар айкын болду. Булардын бардыгын жакын арада өкмөттөр менен жолугушуу убагында талкууламакчыбыз.

Диалог мезгилинде башка да олуттуу көйгөйлөрдү көтөрүүгө шарт жаралаарына ишенем. Ошондой эле министрлер кеңсесинен тышкары жарандык коомдун жана медиа мекемелердин катышуусунда сөз эркиндиги жана маалымат алуу укугу өңдүү маселелер оң жагына чечилээрине терең үмүтүм бар.

Ошентсе да кырдаал аталган аймакта анча жакшы эмес. Мындай көрүнүш жер шарынын бардык булуң-бурчунда өкүм сүрүп жаткан чагы. Мындай шартта жарандык коомдун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү биригип, медиа айдыңындагы ар кандай тоскоолдуктарды жок кылуу үчүн өз ара жардамдашууга тийишпиз. Бул аркылуу интернет каражаттарын да чектөө кыйла тыйылмак.

- Аталган чөлкөмдө маалымат алуу олуттуу маселеге айланбашы үчүн Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму кандай чараларды көрүп жатат?

- Биздин мандатка ылайык бардык аракеттерди жасап жатабыз. Мага дейре, тактап айтканда, эки ай мурда бул кызматты жети жыл бою аркалаган Миклош Харатчи да сөз эркиндигинин Европа коопсуздук жана кызматташтык өлкөлөрүндө бекем сакталышына катуу жан үрөдү. Ал ошондой эле бул маселелерди ар бир өкмөттүн деңгээлинде көтөрүп, премьер-министрлерди ЕККУнун алдындагы милдеттенмелерин туруктуу карманууга такай чакырып турду.

Маалымат алуу укугу – бул кабарлардын тоскоолдуксуз чыгышы менен тыгыз байланышкан. Ушунун өзү ЕККУнун башкы милдеттенмелеринин бири болуп саналат. Ошондуктан, ага мүчө ар бир өлкө бул шартты сөзсүз бекем карманууга тийиш. Өкмөттөр менен алдыдагы кездешүүлөрдүн учурунда мен ушул өңдөнгөн талаптарды да кабыргасынан койгону жатам.

- ЕККУга төрага катарында Казакстан бул өңүттө Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө үлгү көрсөтө алабы?

- ЕККУга төрагалык кылган ар бир мамлекет башка өлкөлөргө үлгү катары кызмат кылат. Ошондуктан анын ичинде Казакстан да эл аралык милдеттенмелерин так жана өрнөктүү аткарат деген ойдомун.
XS
SM
MD
LG