Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

Ошто Д.Садырбаевди эскерүү кечеси башталды


Кечки саат төрттө шаардагы Бабур атындагы академиялык театрда белгилүү кинорежиссер, Эл артисти, Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечеси башталды. Ага Убактылуу өкмөт мүчөлөрү А.Бекназаров (Д.Садырбаевди эскерүү иш-чараларын уюштуруу комитетинин төрагасы), Д.Чотонов, Б.Мамырова, Р.Момбеков катышууда. Кечеге маркум Д.Садырбаевдин өмүр жолун, Мекен алдында жасаган эмгегин баалаган замандаштары, коноктор чакырылган.

Эртең Д.Садырбаевдин кичи мекени Ноокен районунун Апартан айылындагы стадиондо боз үй тигилип, эки жыл мурун дүйнө салган таанымал инсанга аш берүү расмиси өтөт. (GA)

XS
SM
MD
LG