Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:47

Р.Отунбаева Ысык-Ата районунда иш сапарда жүрөт


Убактылуу өкмөттүн басма cөз кызматынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, Убактылуу өкмөт жетекчиси, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева бүгүн Ысык-Ата районунун Кызыл-Суу мектеп-интернатындагы окуучулар жана тарбиячылар менен жолугуп, аларды бүгүнкү балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Аталган мектепке жылуу одеял, оюнчуктар жана телевизор белекке тапшырылды. Мектеп-интернатта 9 жаштан 16 жашка чейин 160 бала тарбияланат.

Роза Отунбаева мындан сырткары райондун тургундары менен жолугушуп, азыркы кырдаал тууралуу кыскача маалымат берээри күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG