Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:14

О. Султанов: Вознесенский поэзияга жаңы шамал алып келген


Андрей Вознесенский, 1998-жыл
Андрей Вознесенский, 1998-жыл

Кыргыз Эл акыны Омор Султанов орустун белгилүү акыны Андрей Вознесенскийди мурдагы Совет биримдиги кезинде поэзияга жаңылык киргизген улуу чыгармачыл инсан катары баалап, аны менен жакындан тааныш болгонун "Азаттыкка" берген маегинде кеп салып берди.

- Омор мырза, орустун белгилүү акындарынын бири Андрей Вознесенский дүйнөдөн өткөнү боюнча маалымат болуп атат. Ал кишинин орус поэзиясына кошкон салымы тууралуу айта кетсеңиз?

- Мен Вознесенскийди жакындан билип калдым. Москвага көп барчу элем, ошол кезде А.Вознесенский, Б.Окуджава, Е.Евтушенко деген акындарды "шестидесятниктер" деп койчу, 60-жылдары поэзияга абдан чоң жаңылык киргизген акындардын башаты. Буларды абстракционисттер өлкөдөн чыгып кеткиле десе Хрущев, ушулардын таасири бүткүл Советтер Союзуна тийген. Ошондон баштап мен булар менен жакын жүрүп калдым.
Омор Султанов

Бул жактан Рамис экөөбүздү абстракционисттер деп таап, бул жерде ЦКга 3-4 жолу чогулушка салышып тепкилешкен. Вознесенскийдин орус поэзиясына тийгизген таасири, Пастернактан кийин орус поэзиясына, илгери Пушкин менен Лермонтов кандай жанылык киргизсе, 20-кылымдын экинчи жарымында ушулар ошондой таасир тийгизген.

- Алардын поэзиясынын негизги темасы эмнелерди камтыгат?

- Мунун акындык тамырчылыгы күчтүү болгон. Ошол кездерде бүткүл Советтер Союзунун жашоо турмушундагы көп нерселерди, калпты, жаман ушактарды, ошонун баарын алып чыккан да. Москвада стадиондордо Вознесенский менен Евтушенко көп ырларын окуп турушкан да.

- Омор мырза, А.Вознесенскийдин поэзиясы кыргыз поэзиясына, кыргыз акындарына кандай таасир тийгизген?

- Булар жаңы шамалды алып киришкен поэзияга. Көчөгө чыккан поэзиялар, көчөдө эл менен сүйлөшкөн поэзиялар болчу. Ошонун таасири бизге дагы тийбей койгон жок да. Ошон үчүн бул жерде чоң жаш акындардын абдан күчтүү толкуну келген. Формалисттер деп айтышчу, ошонун эң күчтүү таасири Вознесенский болчу.

- Сиз А.Вознесенскийдин ырларынан котордуңуз беле? Которсоңуз бир-экөөсүн окуп берсеңиз?

- Мен азыр которгонду окуп бере албайм. Себеби архивимде жүрөт го. Бирок мунун эң негизги «Антимиры» деген поэма-притчасы чыккан, Таганкада чоң спектакль болгон. Мен баргам, мени өзү чакырып алып барган. Азыр да коюлуп атат. Ошол ырлардан мен котордум эле. Жазуучулардын чыгармачыл үйү бар эле, жалпыбыздын үйүбүз болчу, азыр да барабыз ал жерге. Ошол жерде мен көп жолу болгом. Анын жакшы аялы бар, азыр да тирүү. Пастернактын эң жакшы көргөн окуучусу Вознесенский болгон. 14 жашында биринчи ырын Пастернакка жиберген экен, кийин мени Пастернак менен тааныштырган өмүр баянымды айтып. Кыргызстандан балдар барганда, дайыма Рамис экөөбүздү сурачу экен.

Мен былтыр үйүнө барсам катуу ооруда экен, сүйлөй албай калыптыр, анан көп болбой коштошуп кетип калгам. Кечээ көрдүм бардык нерселерин. Бул орустар сыйлагандан өйдөрөөк акын. Мунун ырлары азыр билинбей атат. Мунун «Мой век» деген ыры бар, ошондо өзүн айткан бул кылым менин кылымым болду, бирок өттү, бул кылым мени унутат, кийинки кылым мени эскерет деген ыры бар. Ошондой болуп атат. 20-кылымдын экинчи жарымындагы орус поэзиясынын тили болду бул. Муну Европада абдан күчтүү баалашат. Ошондуктан жаштар окушу керек бул акынды.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG