Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

Реформа жана референдум: чаташ жана чалкеш маселелер


Кыргызстандын эли 27-июнда референдумда Конституциянын жаңы долбооруна добуш берет
Кыргызстандын эли 27-июнда референдумда Конституциянын жаңы долбооруна добуш берет

“Азаттыктын” Бишкек студиясында өткөн тегерек стол маегинде конституциялык реформадагы талаштуу жагдайлар жана референдумга даярдык көрүү маселеси талкууланды.


Катышкандар:


Курманбек
Осмонов,

Жогорку
Соттун
мурунку
төрагасы







Издебалды
Искаков









Бекбосун
Бөрүбашев,

саясат
таануучу






«Азаттык»:
Бүгүн Конституциялык кеңешменин төрагасы Ө.Текебаев Венецияга жөнөп кетти. Ал жерде Конституциялык кеңешме тарабынан даярдалган Конституциянын долбооруна баа берилиши күтүлүп жатат. Анткени, Конституция боюнча канча долбоор карабайлы Венеция комиссиясына көтөрүп барып, ошол жерде баа алып келе жатабыз. Венеция комиссиясынан корутунду алуу канчалык маанилүү?

Курманбек Осмонов: Венециялык комиссия деп айтылган комиссия Европалык Кеңештин "Демократияга укук аркылуу" деген юридикалык атайын комиссиясы. Ал комиссиянын ишине мен көп ирет катышкам, билем. Демократиялык нукта өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин Баш мыйзамдарына, Конституциясына жана башка конституциялык жана органикалык мыйзамдарына жана болуп жаткан саясий процесстерге Европалык Кеңештин көз карашынан алып, юридикалык баа берген атайын комиссия. Бирок ал комиссиянын корутундусу башка өлкөлөргө карата императивдик, сөзсүз түрдө аткарылууга жатат деген чечим чыгарылбайт.

«Азаттык»: Мунун демек моралдык жагы гана бар окшойт. Бекбосун мырза, сиз айтсаңыз, бизде бул корутунду алуунун зарылчылыгы канчалык бар?

Бекбосун Бөрүбашев: Менимче, бул Венециялык комиссия канча конституциялык реформа болбосун бүт барына тең корутунду берип келатат. Корутундарынын бары тең оң жагынан болгон. Ошолордон кийин коомдо кандай саясий укуктук абалда калып калганыбызды көрүп атабыз. Ошон үчүн менимче Венециялык комиссиянын корутундусун карашыбыз керек, угушубуз керек. Бирок менин оюмча жаңы конституциялык кеңешмеден чыккандан кийин негизги долбоорду Венецияга алып барбай, андан көрө элдин астына кенен алып чыксак жакшы болмок. Анткени бул Конституция Италия, Европа үчүн эмес, биздин эл үчүн керек. Ошон үчүн көңүлдү элдин астына коюп, элдин көңүлүн уксак абдан жакшы болот эле. Биз эл аралап жүрөбүз, жакында эле келдик, элде ар түрдүү ойлор бар бул боюнча, көп сунуштар бар. Биз эски адатыбызча тескери басып атабыз.

«Азаттык»: Эң талылуу маселелердин бири, биздин кайсы Конституция болбосун, кайсы мамлекеттик система болбосун сот системасынын көз карандысыздыгын камсыздоо болуп келатат. Ушул жактан сиздер даярдаган долбоордо кандай жаңы өзгөчөлүктөр киргизилди?

Издебалды Искаков: Биринчиден, оюмду айтып кетейин. Конституциялык кеңешменин мүчөсү эмесмин, бирок жаңы долбоорду иштеп чыкканга абдан активдүү катышып, өзүмдүн көп кеңештеримди киргиздим. Сот процедурасы жаңы иштелип чыккан долбоордо бир топ жөнөкөй түрдө, эң негизи сот системасын бийликтин кандайдыр бир бутактардан ажыратып өз алдынча иштегенге.

«Азаттык»: Кандай механизмдер конкреттүү?

Издебалды Искаков: Конкреттүү түрдө бул сотту ким шайласа, ошого баш ийиш керек болуп калат. Биздин система ошондой болуп калбадыбы. Ошондон ажыратып азыр Жогорку Кеңештин макулдугун алып, сот кеңеши аркылуу...

«Азаттык»: Курманбек мырза, сизди Жогорку Соттун төрагасы кызматынан бошотууда судьялардын аброюунун кынтыксыздыгы тууралуу талап бузулду деген кине коюлган эле. Азыркы долбоордо дагы абройдун кынтыксыздыгына шек кеткенде, судьяны жоопкерчиликке тартуу маселеси конституциялык мыйзам менен аныкталат дептир. Экинчи жактан Жогорку Соттун судьяларын кызматтан алууда парламенттин чечими керектиги белгиленген. Бул нормалар судьялардын эркиндигин, көз карандысыздыгын камсыздай алабы?

Курманбек Осмонов: Бул нормалар судьялардын көз карандысыздыгын жетиштүү түрдө камсыздай албайт. Судьялардын кынтыксыз жүрүм-туруму деген бул Батыш мамлекеттеринин мыйзамдарынан алынган түшүнүк. Ал эми кандай жүрүм-турум кынтыксыз болуп эсептелет? Ага эч ким так аныктама бералбайт. Мен сиздин сөзүңүзгө тактоо киргизип кетким келет. Мени кызматтан жүрүм-турумум кынтыксыз болбой калгандыгы үчүн бошоткон эмес, ал атайын эле саясий буйрук менен болгон. Мен ММКларга, мындайча айтканда “Вечерний Бишкек” гезитине берген интервьюм үчүн кеттим. Ал интервьюмда мен президенттин администрациясын жана Акаев учурунда сот адилеттиги боюнча улуттук кеңеш деген түзүлүп калган, ошол органдын ишин сындап өз көз карашымды айтканым үчүн кеттим, жана башка себептер болгон.

“Азаттык”: Ушул системаны мурда Улуттук кеңеш болсо, азыр сотторду тандап алуу боюнча кеңеш деп аталып калыптыр. Бул жерде сиз өзүңүз тажрыйбалуу юрист катары, тажрыйбалуу соттук ишмер катары кандай механизм керек деп ойлойсуз, бизде сот системасы эркин болуш үчүн?

Курманбек Осмонов: Сот системасы эркин болуш үчүн соттун өзүн-өзү башкаруу органдары, съезд, соттор кеңеши, съезддин аралыгында соттор иштеши керек, соттордун чогулушу жана соттордун өзүнүн тейлеген мыйзамдары бар, соттордун статусу, сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдары бар, мына ошол мыйзамдарга соттордун көз карандысыздыгын камсыз кыла турган механизмдерди киргизиш керек болчу.

Ал эми сот системасында негизги азыркы жаңы Конституциянын долбоору боюнча кандай жаңылык десек, Конституциялык Сот жоюлду, бирок Жогорку Соттун курамына кирген конституцияны көзөмөлдөө боюнча атайын палата түзүлүп атат. Ошол мурдагы эле Конституциялык Соттун функциясын аткармакчы. Бир гана айырмасы Жогорку Соттун курамында болот. Жетишкендик катары мен айткым келет, эми жаңы Конституциянын долбоору кабыл алынса, ар бир жаран конституциялык укуктары жана эркиндиктери бузулду тиги мыйзамды колдонуу учурунда десе, Конституциялык палатага кайрылууга укуктуу болот.

“Азаттык”: Бекбосун мырза, сизде сот системасы боюнча кандай сунуштар бар?

Бекбосун Бөрүбашев: Мен акыркы сөзгө кошулат элем. Бизде Кыргызстанда өз алдынча Конституциялык Сот керек эле. Анткени бизде эң негизи мыйзам болгон Конституция, аны сактай турган сот органынын статусу төмөндөп атат. Туура, Жогорку Сотто Конституциялык палата болуп атат. Бирок статусу төмөн болуп түшүп атат. Ошон үчүн Конституциялык Сотту толук сактап калсак, Конституциянын кепилдиги боюнча атайын орган болуп калмак.

Экинчи жагынан, сот системасы кыргыздардын тарыхында эзелтен бери келип калган. Ошон үчүн кыргызда мындай деген жакшы макал бар, "Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок" деген. Ошон үчүн сот системасын сотторду тандоодо, аларды кызмат ордуна дайындоодо коомчулуктун дагы пикирин эске алыш керек болчу деп ойлойм.

«Азаттык»: Конституциялык кеңешме даярдаган долбоордо суроо туудурган дагы бир жагдай болууда. Ал тышкы саясатка байланыштуу маселе. Долбоордун баштапкы вариантында өлкөнүн ички жана тышкы саясатын Жогорку Кеңеш аныктайт деп жазылган эле. Конституциялык кеңешме кабыл алган вариантта андай аныктама же жобо жок. Натыйжада тышкы саясат парламент, өкмөт жана президенттин ортосунда калган. Бул тышкы өнөктөштөр, эл аралык уюмдар менен кызматташууда татаалчылыктарды пайда кылбайбы?

Курманбек Осмонов: Практикада мындай татаалчылыктар пайда болушу мүмкүн. Анткени официалдык басылма 22-майдагы “Слово Кыргызстан” гезитине Конституциянын долбоорунун орусчасы да, кыргызчасы да чыгыптыр. Мына ушунда мамлекеттин эң негизги функцияларынын бири болгон тышкы жана ички саясаттын негизги багыттарын аныктоо деген эң башкы функциялардын бири түшүп калыптыр. Мурда ал президентке таандык болчу. Азыр Жогорку Кеңешке дагы, президентке дагы таандык эмес экен. Ошол эле учурда жаңы Конституциянын долбоору боюнча президент мамлекет башчысы катары сыпатталып жатат, ал чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, келишимдерге өз алдынча кол коюуга укугу жок, премьер-министр менен макулдашып анан кол коет экен. Практикада иш жүзүндө дал ушул нерселер татаалдыкты сөзсүз жаратат, жаратпай койбойт.

“Азаттык”: Бекбосун мырза, Конституциялык кеңешмеге катышкан киши катары айтсаңыз, эмне үчүн ушундай болуп калды?

Бекбосун Бөрүбашев: Сиз туура түшүнүңүз. Биринчи чыккан долбоордо өлкөнүн ички жана тышкы саясатын Жогорку Кеңеш аныктайт деген бар болчу, биз муну калтырганбыз. Бирок Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү долбоордун акыркы редакциясын иштеп чыккандан кийин биз Убактылуу өкмөткө өткөрүп бергенбиз, Текебаев алып кеткен, ошондон кийин бул жобо жоголуп калыптыр. Курманбек Осмонович абдан туура айтат, анткени мамлекеттик бийликтин органдарынын эң негизги милдети мамлекеттин ички, сырткы саясатын аныктап берүү. Мамлекеттик органдын башында турган Жогорку Кеңеш, президент, өкмөт ушуну өздөрүнүн мойнуна албай атышат дагы. Демек ошону менен бирге мамлекеттик органдар өзүнүн негизги функциясын аткарбай калып атат. Бул Конституциянын долбоорунун бирден-бир жетишпеген жагы.

Издебалды Искаков: Туура, мен дагы макулмун. Бул мамлекеттик башкаруу системасында эң чоң маанилүү маселе да. Тышкы жана ички саясаттар так жазылыш керек, так айтылыш керек, ошол аткарылыш керек.

“Азаттык”: Мына 27-июнга референдум белгиленип жатат. Ага калктын 30 % катышса да референдум болду деп эсептелээри айтылууда. Бул легитимдүүлүк маселесин кайрадан пайда кылбайбы?

Курманбек Осмонов: Референдум тууралуу декрет бар экен, анан рефрендум өткөрүү боюнча кечээ жакында өкмөттүн токтому чыкты. Мен ошолорду анализдеп көрүп, 30 пайыз, же башка пайыз деген барьерди көралганым жок эч жеринен. Ал жерде өкмөттүн кийинки чыккан токтому боюнча референдумга катышкан адамдардын көпчүлүгү ушул маселеге оң жооп берсе чечим кабыл алынган болуп эсептелинет экен. Мындайча айтканда, копол салыштырмалуу айтканда, эгер 5 киши келип үчөө макул болсо чечим кабыл алган болуп калат. Анан 30 пайыз ж.б. барьерлерди, чектөөлөрдү мен эч жерден көралганым жок. Бирок оозэки Конституциялык кеңеште дагы, коомчулукта дагы ушундай талкуу жүргүзүлүп жатат. Эгер ошондой 30 пайыз чектөө коюлган күндө дагы бул референдумдун юридикалык табиятынан туура келбей калат. Референдум бул жалпы элдик добуш берүү да, анан ошол элдин 30 пайызы келсе, анан анын жарымы 15 пайыз жалпы шайлоочуларыбыздын, жалпы калкыбыздын жетиден бир бөлүгү келип добуш берсе референдумда чечим кабыл алынып калышы, бул өзү биринчи кезекте референдумдун өзүнүн юридикалык табиятына каршы келет деп ойлойм. Жок дегенде жарымы келсе, анын ошонун жарымы макул десе, анда чечим кабыл алган болот деп эсептесек жакшы болот болчу.

Бекбосун Бөрүбашев: Бул маселеде мен Курманбек Осмоновичке толук кошулам. Чындыгында референдумдун өзүнүн юридикалык табияты бул жалпы элдик сунуш, ой-пикир, ошону угуп-билүү. Ошондуктан жок дегенде жалпы элдин 50 пайызынан төмөн эмес катышыш керек. Ар кандай сөз болуп атат, 30 пайыз болот деп. Бул эптеп будалап-судалап өткөрө коелу деген ой болсо, бул кийинчерээк чоң чатакка алып келиши мүмкүн. Анткени чийки маселе болуп калат деп ойлойм.

“Азаттык”: Референдумда кабыл алынган чечимди мурдагы нормалар боюнча Конституциялык Сот бекемдеп берчү. Азыр бекемдей турган Конституциялык Сот дагы жок. Бул жагы кандай болот?

Издебалды Искаков: Бизде шайлоочулардын тизмеси бар да. Ошонун ичинен 30 пайыз дегендей түшүнүп атат эл. Чындыгында бул кишилер туура айтып атат, рефрендум жалпы элдик шайлоо болгон соң жогорурак планканы алыш керек болчу.

Курманбек Осмонов: Жаңы Конституция болобу, же өзгөртүү-толуктоолор болобу, Конституциялык Сот Конституцияда аныкталган мөөнөттүн ичинде өз корутундусун бериш керек. Эми Конституциялык Сот дагы жок. Ошон үчүн референдум жөнүндө Конституцияга, референдумга арналган декреттерде айтып атат, бул Конституция эч ким тарабынан бекитилүүгө жана кол коюуга да жатпайт деп. Ошол референдумда чечим кабыл алынгандан кийин жалпы элге жарыя кылынат. Ошол күндөн баштап күчүнө кирет, иштей берет деп атат. Бул жерде ошол процедура дагы сакталбайт. Сактайлы десек, Конституциялык Сот жок, өздөрү жоюп жиберген. Бирок ошол эле мезгилде биринчи эле декретинде жаңы Конституция кабыл алынганга чейин мамлекеттик бийлик органдары легитимдештирилгенге чейин 2007-жылкы октябрдагы референдумдагы Конституция күчүндө болот, ошол иштейт деп өздөрү декретке жазган.

“Азаттык”: Бул юридикалык чаташуудан кантип чыгабыз?

Бекбосун Бөрүбашев: Бул чаташуудан чыгуунун жолдору деле бар. Бирок азыр биз чоң юридикалык казустардын ортосунда туруп калдык. Менимче эгерде 23-июнга коюлган референдум так өтсө, элдин көпчүлүгү келип берсе, туура, бизде ошондой деген жобо бар, бийликтин жана эгемендиктин бутагы эл деген. Ошого ылайыкташ керек. Анан БШК ошого кол коюп берсе, ошону менен гана бекитип кое алабыз. Чындыгында революциянын убагында мыйзамдарга дагы, Баш мыйзамдарга дагы карама-каршы көп маселе кирип калды. Ошондой эле азыр талкуулап аткан Конституциянын добоордун ичинде да көп карама-каршылыктар бар. Келечекте менимче бул биз үчүн көп проблема түзөт деп ойлойм.

“Азаттык”: Референдумга коюлган долбоор калк ичинде талкууга коюлган жок. Бул эл тааныш болбой калбадыбы деген суроо жок эмеспи?

Курманбек Осмонов: Албетте, бул маселе өтө орундуу. Ар кандай элдин көз карашына, элдин сыноосуна коюлган нерсе чечим кабыл алганга чейин талкуулаш керек. Бирок официалдуу маалымат булактарына, айрым гезиттерге долбоор чыкты. Ал чыккандан кийин дагы декрет менен жарыяланган долбоорго дагы толуктоо сунуштар, техникалык, редакциялык маанидеги толуктоолор, өзгөртүүлөр киргизилип атат. Ал эми официалдуу эмес ар кандай брошюра, салыштырмалуу таблицалар чыгып атат. Мунун баары элдин колуна кенен-кесир жетпейт. Ошон үчүн кенен кесир талкуу уюштурса ММКлар аркылуу, телерадио, гезиттер аркылуу талкууну кененирек жасаса жакшы болмок.

“Азаттык”: Бекбосун мырза Конституциялык кеңешмеде гана талкууланып, элде талкууланбай калды дегенге кошуласызбы?

Бекбосун Бөрүбашев: Мен кошулам бул ойго. Себеби азыр элдин терең катмарына жетпей атат. Эмне үчүн Конституциянын жакшы, же тескери жактарын кыргыз телевидениесинен талкуулабайбыз, эмне үчүн ой-пикирибизди айтпайбыз. Ушул маселе көпчүлүктү түйшөлтүп атат. Ошондуктан бул үстүртөн болуп аткан иш болуп атат. Туура, Конституциялык кеңешмеде 55 киши болсок, ошонун 50дөн ашыгы макулдугун бериштиптир. Алар азыр региондорду кыдырып жүрөт деп угуп атабыз, алар окуу жайларда, башка жерлерде барып чогулуштарды өткөрүп атат.

“Азаттык”: Бирок бул талкуу эмес түшүндүрмө иштери да?

Бекбосун Бөрүбашев: Талкууга жатпайт деп койду. Мен Конституциялык кеңешменин катышуучусу катары айтайын, бизде башында эле Текебаев айтты, биз муну сунуш кылабыз, калган долбоорлорду талкуулабайсыңар, бул биздин негизги концепциябыз, ага тийишпейсиңер, жөн гана техникалык, редакциялык жактан гана талкуулайсыңар деп койгон.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG