Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Кыргыз -өзбек чек арасы качан ачылары белгисиз бойдон калды


Чек ара качан ачылары акыркы сүйлөшүүлөрдөн кийин деле белгисиз бойдон калганы тууралуу бейшемби күнү “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матенов билдирди:

-Чек араны өзбек тарап качан ачат десем, командачы ( Өзбекстандын чек ара кызматынын башчысы) мындай суроого жооп бере алган жок. Бул боюнча жогорку саясий жетекчилик чечим кабыл алуусу керек, менин ыйгарым укугумдагы маселе эмес деп айтты.

Курманакун Матеновдун айтымында, аталган маселени кыргыз тарап эки өлкөнүн Чек ара кызмат башчыларынын 1-июнда болгон жолугушуусу учурунда көтөрдү, бирок талкуулаган жок. Өзбекстан чек арадагы өткөөл бекеттерин бир тараптуу түрдө 7-апрелдеги окуялардан кийин жапкан. Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен 3-июнь күнкү маегинде ошондой эле Өзбекстан шаршемби күнү кечинде Сох анклавынан 49 даана оор техникасын чыгарып кеткендигин ырастады. Алардын төртөөсү БТР, 37си аскерий чалгындоочу машина, сегизи автотехника. Булардын баары Сохто 1999-2000-жылкы Баткен окуяларынан бери турган. Курманакун Матенов белгилегендей, 1-июндагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Сох анклавы аркылуу транзит да калыбына келди. Эгер кыргызстандык жарандар кааласа, анклав аркылуу өтө алат. (UE)

XS
SM
MD
LG