Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

Аптанын маданий окуялары


Кыргыз артисттери Казакстандан байге менен кайтышты.

  • Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасындагы 3-эл аралык театр фестивалына катышып, баш байгени жеңип келишти. Жалпысынан 10 театр катьшкан фестивалга Кыргыз Улуттук академиялык драм театры Ч. Айтматовдун “Чыңгызхандын ак булуту” спектакли менен катышкан. Баш байгеден сырткары эң мыкты актерлук иш үчүн Чыңгызхандын ролун ойногон Кыргыз Республикасынын эл артисти Кыргызбай Осмонов, ошондой эле дагы бир башкы каарман, эненин образын түзгөн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева сыйлыкка татыктуу болушту.

  • “Айтыш” коомдук фонду кыска метраждуу тасмалардын жыйынтыгын чыгарды. Фонддун жетекчиси Садык Шер-Нияздын айтуусунда сынакка жалпысынан 62 долбоор келип түшкөн. Ал эмгектерди Баян Сарыгулов, Нуртай Борбиев, Болот Алимбаев сыяктуу белгилүү кинематографисттер карап чыгышкан. Жыйынтыгында 10 тасма жеңүүчү деп табылган.

  • 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата өлкөдө бир катар маданий иш-чаралар уюштурулду. Кичинекей бөбөктөргө театрларда спектаклдер көрсөтүлүп, эс алуу бактарында оюн-зооктор болду.

  • Ушул эле күнү Кыргызстандын өткөөл мезгилиндеги президенти Роза Отунбаева маданият ишмерлери менен жолугушту. Жолугушуу учурунда маданиятты өнүктүрүүдөгү бир катар көйгөйлүү маселелер талкууланды.

  • Нью-Йоркто 99 жаш курагында белгилүү америкалык сүрөтчү жана айкелчи Луиза Бурджуа дүйнөдөн өттү. Маданият ишмерлери маркумдун чыгармачылыгын заманбап көркөм өнөрдүн энциклопедиясы деп баалашкан.

  • Рерих атындагы музейде бул аптада “Орусия-Индия-Тибет” аттуу эл аралык фестиваль өттү. Бул иш-чара Орусиядагы бир катар коомдук уюмдардын жана орус эл артисти Геннадий Печниковдун демилгеси менен уюштурулган. Маалыматтарга караганда, фестивалдын жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга устаттык сабактар өтүлгөн.

  • Орусиялык пианист Денис Кожухин Брюсселде өткөн сынакта жеңүүчү деп таанылды. Ал финалда Сергей Прокофьев жана Иозеф Гайдндын чыгармаларын аткарып, башкы байгеге татыктуу болгон.
XS
SM
MD
LG