Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

Нарын мэри А.Кулматов кызматтан кетерин билдирди


Бул тууралуу билдирген Нарындагы кабарчыбыздын маалыматына караганда, бүгүн 80ге чукул чоо жайы белгисиз жаш жигиттер шаар башчысынын кеңсесине барышып, аны кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Алардын кысымы менен мэр А.Кулматов кызматтан кетерин билдирди. Айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү аны коргоо комитетин түзө турган болушту. Ал эми Нарын шаардык кеңешинин депутаттары болсо шаар башчысынын кызматтан кетүүсү мыйзамсыз деген чечим чыгарышканы чукул сессия өткөргөнү жатат. (AJ)

XS
SM
MD
LG