Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Смоленск кырсыгында өлгөн адамдын эсебинен акча уурдалды


10-апрелде Россиянын Смоленск шаарына конгону баратып кыйраган учакта набыт болгон польшалык делегациянын мүчөсү-Анжей Пржевозниктин кредиттик картасынан 1 700 доллар уурдалганы маалымдалды. Учакта Польша президенти Лех Качински баштаган 95 мартабалуу адам болгон.

Варшаванын прокуратурасынын өкүлү Моника Левандовскаянын билдиришинче, бул акча маркумдун уурдалган кредиттик картасынан Смоленск шаарындагы өзү тейлөөчү автоматтык кассадан алынган. Россиянын бийликтери бул кабарды калпка чыгарууда.

XS
SM
MD
LG