Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Иш таштаган айдоочуларга кысым күчөдү


Бул туурасында Ош - Эркеч-Там автожолунун боюнда үч күндөн бери иш таштап отурушкан КАМАЗ унаасынын беш жүздөй айдоочусу катышкан митингде айтылды. Бирок алар мындай кысымчылыкка туруштук кылышаарын, эгерде талаптары толук бойдон аткарылбаса, референдумга катышпастыгын эскертишти.

Акциянын катышуучалары буга дейре үч көйгөйдү: биринчиси, кытайлык айдоочулардын Кыргызстанга киргизилишине тыюу салуу, экинчиси, Бишкектеги Америка базасынан Тажикстанга жүк ташыган унаалардын жарымын жергиликтүү айдоочуларга ыйгаруу, үчүнчүсү, Эркеч-Там чек ара бекетине транспорт инспекциясынын өкүлчүлүгүн ачуу талаптарын жаңы бийликтин алдына кабыргасынан коюшкан эле. Айдоочулар менен Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Азимбек Бекназаров жолугуп, алардын өтүнүчтөрүн аткарууга 1-июнга чейин убакыт сураган.

Ош облус губернаторунун орун басарынын милдетин аткаруучу Таалайбек Зикиров кытайлык айдоочуларды Кыргызстанга кийирүүгө тыюу салуу мамлекеттер аралык деңгээлде чечиле турган маселе экендигин, ал эми калган көйгөйлөр сүйлөшүлүп жаткандыгын «Азаттыкка» билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG