Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Жалал-Абадда селден жабыр тарткандар өкмөттөн жардам күтүүдө


10-июнда облуста суу ташкын кесепеттерин жоюу үчүн ишембилик өткөрүлдү. Мекеме-уюмдардын өкүлдөрү ушул айдын башында сел баскан айыл-кыштак тургундарынын үйлөрүн тазалоосуна жардам беришти. Облустук бийлик селден жабыр тарткандар үчүн 200 даана чатыр, 100 тонна ун жана башка азык-түлүк, күйүүчү май жагынан көмөктөшүүнү өтүнүп убактылуу өкмөткө кайрылды. Бул тууралуу облбийликтин маалымат кызматы бүгүн кабарлады. Маалыматка караганда, облус экономикасы 3-июндан бери Жалал- Абад шаары менен Сузак, Базар- Коргон, Ноокен жана Аксы райондорунда жүрүп жаткан суу ташкынынан 351 миллион сом зыян тартты. Эки миңден ашуун турак-жай жана социалдык- маданий имараттар менен короо-сарайлар жарактан чыгып, айыл чарба өсүмдүктөрүн суу жана ылай каптап калган. Аксы районунда эки жашар кыз селге агып каза тапкан. (YA)

XS
SM
MD
LG