Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Бишкекте учурда кырдаал тынч


Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти. Айрым угармандар “Азаттыкка” телефон чалышып, Бишкектин Ош базары тарабында ок атуучу курал колдонулганын маалымдашты. Бишкек шаардык ички ишкер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн кызматкери Фучик-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде караңгыда чогулган шектүү адамдарды таркатуу максатында милициялар асманга ок чыгарганын тастыктады. Тартип коргоо кызматкерлеринин ыкчам аракетинен улам тополоң уюштургусу келген топ таркатылганы маалымдалды.
Ушул тапта атайын даярдыктагы жоокерлердин коштоосунда кайгуул күзөт кызматынын унаалары Бишкектин көчөлөрүндө кезекчилик кылышууда.(AJ)

XS
SM
MD
LG