Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:30

Орусиядагы кыргызстандыктар Оштогу окуяга кабатыр


Ош, 11-июнь 2010-жыл
Ош, 11-июнь 2010-жыл

12-июнда Кыргызстандын Орусиядагы элчилчиги алдына чогулган өзбек жана кыргыз улутундагы миңге жакын жаштар Оштогу тополоңду тезинен жөнгө салууну кыргыз бийлигинен талап кылышты.

Маскөөдө 11-июнь түнү эле кишилер көчөгө чыгат деген кабар тараган болуучу. Абалгалап диаспора жетекчилери менен сүйлөшкөнүбүздө, алар элчиликте кыргыз-өзбек диаспораларынын жетекчилери болуп сүйлөшүү жүргүзө тургандыгын айтышты.

Маселен «Кыргыз биримдиги» уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакировдун айтканына караганда анын орун басары жана «Ала-Тоо» коомдук уюмуну жетекчилери Жамиля Бегиева жана анын орун басары Ырыскадыр Иманалиев катыша тургандыгын айткан.

Кийин жолугушуу үстүндө алар элдерди ынтымакка чакырып жана атайын кайрылуу да кабыл алып атканын, ошол жерден Абдыганы Шакиров телефон аркылуу билдирди:

- А. Шакиров: Тезистер мындай болду. Биринчиси азыркы Убактылуу Өкмөткө ишенбегендикти билдирүү, экинчиден Орусиянын бейпилдик күчүн Ошко тез аранын ичинде киргизүү, үчүнчүдөн ал күч киргиче Кыргызстандын өз күчү менен башаламандыкты токтотуу.

- «Азаттык» - Өзбек диаспорасынан кишилер келдиби?

- А.Шакиров: - Ооба, өзбек диаспорасынын жетекчиси жана өзүбек диаспора мүчөлөрү менен олтуруп ушул кайрылууну жазып атабыз.

Ал эми «Ала-Тоо» коомдук уюмдун жетекчилеринин бири Ырыскадыр Иманалиев олтурум боюнча мындай деди:

- Азыр өзбек туугандарды элчилик ичине алып кирдик, алар беш-алты киши, биз да ошончо, алар менен кеңешип олтуруп кайрылуу жасаганыбыз туура деп чечтик. Аны биздин өкмөткө жана Орусия өкмөтүнө жиберебиз. Иши кылып, элдерди ынтымакка чакыруу боюнча иштеп атабыз.

Элчилик алдына эл чыгууда мекендешибиз космонавт Салижан Шарипов да болду. Аны «Азаттыктын» өзбек кызматы боюнча кабарчысы кепке тартыптыр:

- Кийинки келген кабарларда айтылып атат, жакында Роза Отунбаева В.Путин менен сүйлөшкөн. Бүгүн ырасмий кайрылуу жасаган. Үчүнчү тараптык жардам керек деп Орусияга кайрылган. Ошко бүгүн же эртең ал күч барат, - деди С. Шарипов.

Санкт-Петербургдагы Кыргызстандын консулдугу алдына дагы бүгүн эки жүздөй киши чогулуп, Оштогу окуяларга тынчсыздануу билдиришкенин консул Таалайбек Абдиев билдирди.

XS
SM
MD
LG