Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, түндөсү Ош шаарында кырдаал салыштырмалуу тынч болду. Ошто кагылыштарда каза тапкандардын саны 71 адамга жетти. Ал эми Жалал-Абад облусунда жабыркагандардын сегизи көз жумду. Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча тез жардамга кайрылгандардын саны 1063. Алардын ичинен 604 адам ооруканага жаткырылса, 380 адамга жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү. Жалал-Абад облустук ооруканасына кагылыштарда жабыркаган 35 адам жаткырылса, Сузак райондук ооруканасында 10 адам дарыланууда. (IJz)