Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Оштон жүк ташуучу учак Бишкекке жарадарларды жана качкындарды алып келди


Жүк ташуучу учак Бишкекке тополоң окуяда жабыркагандарды, жарадарларды, качкындарды - баардыгы 200дөн ашык адамды алып келди. Алардын ичинде он чакты жарадар бар, беш-алтоону абалы оор. Алардан сырткары качкындар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келишти. Ушул эле учак менен Оштогу тополоңдо окко учкан чек арачы жоокердин сөөгү алынып келинди. Ал 11-июнда Кашгар-Кыштакта снайпердин аткан огунан каза тапкан.

XS
SM
MD
LG