Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

АКШ элчилиги өлкөдөгү окуяларга тынчсызданууда


Кыргызстандын түштүгүндөгү баш-аламандыктар уланып атканына байланыштуу Бишкектеги Америка кошмо штаттарынын элчилиги тынчсыздануусун билдирди. Билдирүүдө чыр-чатактарга катышы бар бардык тараптар зордук-зомбулуктан качуусу керектиги баса белгиленет. Элчилик кыргыз бийлигин жана коомчулугун тез арада тартипти жана мыйзамдуулукту калыбына келтирүүгө чакырат. Буга байланыштуу учурда АКШ элчилиги Ош жана Жалал-Абад облустарына гуманитардык жардамдарды жиберүү маселесин сүйлөшүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG