Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Жалал-Абадда тополоң уюштурду делген адамдын аты аталууда


Бул “Ак жол” партиясынын мүчөсү, мурда мамлекеттик материалдык резерв агенттигин жетектеген Пайзуллабек Рахманов экенин жергиликтүү маалымат кызматтар жазып чыкты. Бул маалыматты коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын биринчи орун басары, Жалал-Абаддын коменданты Кубат Байболов тастыктаган жок.

Кечээ, 14-июнда К.Байболов кармалган киши республикага аты таанылып калган адам экенин, анын аты тергөө кызыкчылыгына байланыштуу азырынча аталбай турганын билдирген. Ошондой эле анын учурда сурак берип, окуяга катыштыгы бардыгы тууралуу айрым белгилүү адамдардын атын атаганы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG