Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

Түркмөнстандык студенттер өз мекенинен келе турган учакты күтүп жатышат


Ош технологиялык университетинде окуган түркмөнстандык студенттер шашылыш өлкөсүнө жөнөтүлүүнүн алдында турат. Аталган университеттин ректору Абдували Токтоматов түркмөнстандык студенттер баары жыйналып, аэропортко жеткирилип, аларды алып кете турган учак күтүп жатышканын билдирди.

- Азыркы күндө башка окуу жайлары менен биргеликте 1340тай студент аэропортто турат деген кабар алдым мен,-деп айтты А. Токтоматов. - Ал жерде биздин студенттерибиз да бар. Аларга учак жөнөтүшмөк эле, бирок бир күндөн бери келбей алар аэропортто туруп атышат. Колдон келишинче атайын отряддар, комендатурадан барышып, ал жака тамак-аш эмне болуп атат, ошол боюнча кабар алышып, сурап туруп атышат. Бизге ал жакка өтүүгө мүмкүнчүлүк жок. Биз дагы алар аркылуу, телефон аркылуу алардын акыбалын билип туруп атабыз. Бүгүн мындай маалымат алдык, Ташкенден алардын элчилери келип, Өзбекстанга өткөрүп кетип, андан ары үйлөрүнө жеткирет деген кабар алып атабыз. Негизинен ар бир студентти таап, аларды тиги, же бул райондордон алып чыкканга бардык куратор, декандар аракет кылып, үйлөрүнө жеткиргенге университеттин кызматкерлери толук аракет жасап жатабыз.

Ош технологиялык университетинин коллежинде 220, жогорку билим алуу адистиктеринде 150 түркмөнстандык студенттер билим алышат.

XS
SM
MD
LG