Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:17

Коопсуздук кеңештин катчысы ЖККУнун баш катчысы менен жолугушту


Кечээ (16-июнда) Убактылуу өкмөттүн тапшырмасы менен Коопсуздук кеңештин катчысы Алик Орозов менен Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев Москвага барып Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун баш катчысы Николай Бардюжа менен жолугушуп, Кыргызстанга ЖККУнун гуманитардык жардамдарды берүү маселеси талкууланды. Анда ЖККУ күч структураларына жана тартип коргоо органына көмөк көрсөтөөрү аныкталды.

Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү ошондой эле Орусиянын Коопсуздук кызматынын жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуп, кыргыз-орус кызматташтыгына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшмөкчү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG